super.kg logo
  Саясат  

Тармактык комитет бийик тоолуу жана барууга кыйын аймактарда жайгашкан айылдардын тизмесин кайра тактоого жөнөттү

 
Бүгүн, 16-сентябрда ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында “КРнын бийик тоолуу жана алыскы, барууга кыйын аймактарда жайгашкан калктуу конуштарынын тизмегин бекитүү жөнүндө” өкмөттүн токтом долбоору каралды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Аталган токтом долбоорунда бийик тоолуу жана алыскы, жетүүгө кыйын зоналарда жайгашкан калктуу конуштардын тизмесин бекитүү жана калктуу конуштун деңиз деңгээлинен канчалык бийиктикте жайгашкандыгын аныктоодо орточо белгиси алына тургандыгын белгилөө сунушталган. Талкууда комитет мүчөлөрү сунушталган тизмеде ар бир айылдын деңиз деңгээлинен жогору турган бийиктиги, алыскы, жетүүгө кыйын аймактарды аныктоонун критерийлери көрсөтүлбөгөндүгүн, айрым айылдардын аттары туура эмес жана эски аттары менен тизмеге камтылганын айтып, тизмени, тизмеге киргизүүнүн критерийлерин кайра тактоого жиберишти.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: