super.kg logo

Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган 18 аталыштагы китеп басылып чыкты

 

Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган 18 аталыштагы китеп басылып чыкты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча улуттук программанын алкагында 18 аталыштагы китепти басып чыгарды.

8 миң 409 нускада басылып чыккан китептин 7 аталыштагысы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн, 1 китеп мектепке, калган 10 аталыштагы китеп орто жана жогорку кесиптик билим берүүгө багытталган.

Китептердин кол жазмаларын кабыл алууда кесиптик окуу жайлардын жана Билим берүү академиясынын, Окумуштуулар кеңешинин чечимдери эске алынды.

Китептер тиешелүү окуу жайларда бөлүштүрүлүп, азыркы тапта аймактарга жеткирилүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: