Сузакта зордук зомбулук фактыларын болтурбоо максатында иш-чаралар жүрүп жатат
Сузак районунун аймагында зордук зомбулук фактыларын болтурбоо максатында алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.
Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн сырткы кызматынын кызматкерлери тарабынан райондун аймагында үй-бүлөлүк зомбулукту, өзүн-өзү өлтүрүүнү (суицид), сууга чөгүүлөрдү болтурбоо. Мигрант ата-энелердин балдарын жана өспүрүмдөрдүн жайкы эс алуу учурларындагы тартип бузуусун көзөмөлдөө максатында район аймагындагы айыл аймактарда чакан форматта чогулуштар өткөрүлүп, протоколдор түзүлдү. Өзгөчө көзөмөлгө алынган атуулдар менен иш алып баруу улантылууда.
Ошону менен катар милициянын профилактикалык каттоосунда турган, чыр-чатактуу жана социалдык жактан муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн саны такталып, милициянын участкалык кызматкерлери тарабынан алдын-алуу жана түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.
