Мэр Иса Өмүркулов Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерин 90го чыгышы менен куттуктап, муздаткыч белек кылды






Бишкек мэри Иса Өмүркулов борбор шаарда жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Анна Никонованы 90 жылдык мааракеси менен куттуктап, муздаткыч белек кылды. Мэр ардагерди үйүнө барып куттуктап, аны менен пикир алышып кайтты. "Силерди унутууга акыбыз жок, сизди куттуктоо чоң сыймык. Учурда Улуу Ата Мекендик согуштун 530 ардагери калды",- деди шаар башчысы. Аталган ардагер 1943-жылы 18 жашында өз эрки менен фронтко аттанып, согуштук аракеттерге катышканы айтылды. Аскерлерге медициналык жардам көрсөтүп иштеп, 1945-жылы улуу жеңишти Венгриянын Мешкольт шаарында тоскон экен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:05
2025-06-30

11:17
2025-06-30

Рейтинг:
0

