super.kg logo

Вице-премьер-министр ординаторлорду окутуу мөөнөтү боюнча маселени чечүү тапшырмасын берди

 

Саламаттыкты сактоо министрлигинде вице-премьер-министр Аида Исмаилованын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевдин катышуусунда медициналык билим берүү мекемелеринин жетекчилери менен биргеликте жаш адистерди (ординаторлорду) даярдоо маселеси боюнча онлайн-кеңешме өттү. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда адистиктердин номенклатурасын кайрадан кароо маселеси көтөрүлдү.

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова белгилегендей, өкмөт тараптан күз-кыш мезгилиндеги сасык тумоонун күчөшүнүн алдын алууга бардык чаралар кабыл алынууда.Анда негизги орунда кадрларды даярдоо жана алар менен саламаттыкты сактоо уюмдарын, өзгөчө, аймактарды камсыздоо турат.

"Республикадагы саламаттыкты сактоо уюмдарын медицина кадрлары менен камсыздоо үчүн Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан ординатураны бюджеттик формада аяктаган бүтүрүүчүлөрдү аймактарга өзгөчө басым жасоо менен бөлүштүрүү жүргүзүлдү. Ал эми жаш адистерди жер-жерлерге бекитүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өзгөчө роль ойнойт. Өкмөттүн ишинде аймактарды кадрлар менен камсыздоо маселеси артыкчылыктуу саналат. Ошондуктан бул багыттагы ишти күчтөндүрүү, жаш адистерге жетиштүү колдоо көрсөтүү зарыл. Ал эми ординаторлорду окутуу мөөнөтүн алсак, толук кандуу адистикке ээ болуу үчүн көп убакыт талап кылынган, ошондой эле бир жыл жетиштүү саналган адистиктер бар. Биз ички муктаждыктардан, жергиликтүү адистердин пикиринен жыйынтык чыгарып, талдоо жүргүзүү менен ординаторлорду окутуу мөөнөтүн кайрадан карап чыгуубуз керек", - деди Аида Исмаилова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: