super.kg logo

Ошто милициянын кайгуул кызматынын бош орундарына кабыл алуу боюнча тестирлөө жыйынтыкталды

 

Ош ШИИБи боюнча жаңы милициянын кайгуул кызматынын бош орундарына кабыл алуу боюнча тестирлөө жыйынтыкталды.

Маалыматка ылайык, 13-август күнү Ош ШИИБи боюнча жаңы милициянын кайгуул кызматынын 219 бош орундарына талапкерлер тестирлөөдөн өтүштү. Сынакты жаңы жарыялаганда 497 талапкер арыз берген. Анын ичинен 264ү жөнөкөй жарандар.

"Тестирлөөгө 378 талапкер катышып, жалпы Билимди баалоо жана усулдук окутуу борборунун жыйынтыгы боюнча 310 талапкер тестирлөөнү ийгиликтүү өтүшсө, 67си өткөн эмес. Тестирлөөнүн жыйынтыгы менен талапкерлер «www. guobdd.kg» сайтына кирип таанышса болот. Ал эми 17-18-август күндөрү Ош шаарынын Карл Маркс көчөсүнүн №1 дарегинде жайгашкан Сүйүнбаев атындагы стадиондо тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөн талапкерлер физикалык даярдык боюнча нормативдерди тапшырат. Талапкерлер жанына спорттук кийимдерди жана аты-жөнүн тактай турган документтерди алып алуулары зарыл", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
14.08.2020. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таза оттубу же.....?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: