Ноокатта унаанын рулун башкара албай калган айдоочу турак үйдү сүзүп, окуя болгон жерде каза болду

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Көк-Жар айыл өкмөтүндө унаанын рулун башкара албай калган айдоочу турак үйдү сүзүп, окуя болгон жерде каза болду. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 13-август күнү саат 18:30 чамасында Көк-Жар айыл өкмөтүнүн Борбаш айылында болгон. Анда 1992-жылы туулган тургун өзүнүн ДЭУ Матиз үлгүсүндөгү унаасы менен бара жатып, рулду башкара албай, турак үйдү сүзүп токтогон.
Натыйжада жол кырсыгынан айдоочу каза болгон. Ал эми жүргүнчү катары бара жаткан 1996-жылы туулган жаран Ноокат аймактык ооруканасына жеткирилген.
Учурда бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Тергөө иштери жүрүүдө.
