Кооптуу жүк ташыган айдоочуларга коопсуздук эрежелери боюнча талаптар коюлду




Кооптуу жүк ташыган айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүрдү.
Кооптуу жүктөрдү ташыган унаалардын катышуусунда жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу максатында, 13-август күнү Бишкек-Ош жолундагы Сосновка айылында жайгашкан стационардык постто башкармалыктын кызматкерлери тарабынан, кооптуу жүктөрдү ташууну жүзөгө ашырган айдоочулардын курамы менен жолугушуу өткөрүштү.
Жолугушууда кооптуу жүктөрдү унаа менен ташуу эрежелерине көңүл бурулду жана коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптарды, жүк ташуучунун менчигинин формасына карабастан, Кыргыз Республикасынын бардык жолдорунда, ошондой эле кампалардан жумуш орундарына чейин коопсуздук эрежелери каралды.
Ошол эле учурда башкармалыктын кызматкерлери тарабынан кооптуу жүктөрдү ташыган унааларга жана алардын айдоочуларына коопсуздук багытында кошумча талаптарды коюшту. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыктын кызматкерлери тарабынан жол менен кооптуу жүктөрдү ташыган айдоочулар үчүн эрежелер камтылган буклеттер таратылды.
