super.kg logo

Бишкекке Москвадан 155 Кыргыз жараны учуп келди

 

2020-жылдын 14-августунда "Авиа Траффик Компания" авиакомпаниясынын "Москва-Бишкек" багыты боюнча Орусиядан 155 Кыргыз жараны мекенине кайтып келди, алардын арасында жаш балдар бар.

Борттогу орундуктар чектелүү жана өлкөгө кайтып келүүнү каалаган жарандардын саны көп болгондуктан, бул каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспорасынын, элчиликтин кызматкерлеринин, ИИМдин жана Орусия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу ММКнын өкүлдөрүнөн турган комиссия тарабынан түзүлгөн.

Комиссиялык тандоо гуманитардык критерийлер боюнча Кыргыз жарандарынын жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлдү. Өзгөчө каттамга Орусиянын ЖОЖдорунда окуган студенттер, төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле мекенине чукул түрдө кайтышы керек болгон себеби бар жарандар, мисалы: оор илдети бар, жакында эле хирургиялык операция жасаткан, жакындарынын кайтыш болушу жана башка оор турмуш кырдаалдарына кабылгандар киргизилген.

Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
14.08.2020. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсыл жака кайрылсак болот,билет алыш учун .Билгендер айта отунуздорчу сураныч
15.08.2020. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
-adam,только тааныш аркылуу, жолдошум да тааныштарды салып аран келди
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: