super.kg logo

"Сыноолор сизди кыйратышы же күчтөндүрүшү мүмкүн" Хабиб Нурмагомедов атасы тууралуу айтып берди

 

UFC уюмунун чемпиону, орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов машыктыруучусу жана атасы Абдулманап Нурмагомедов каза болгондон кийин алгачкы жолу маалымат жыйын берди. Анда ал атасы тууралуу берилген суроого төмөнкүчө жооп берген.

"Кимдир бирөөнүн досу, кошунасы, бир тууганы, энеси, атасы, чоң атасы же башка жакын адамы каза болду. Мындан улам мен атамдын каза болгонун түшүнүү менен кабыл алдым, бирок ошол эле убакта бул өтө оор жоготуу болду. Ар ким атасы менен ар кандай мамиледе болот. Биз атам экөөбүз абдан жакын болчубуз. Ал менин досум, атам, машыктыруучум эле. Биздин мамилебиз өтө жакын болчу.

Азыр отуруп алып жоготуу мага эч кандай таасир берген жок деп айта албайм. Бул туура да эмес. Албетте, мен аны ойлойм, бул мага жолтоо болот. Ким билет балким, бул сезимдер мени башка деңгээлге көтөрөт. Бардык сыноолор сизди кыйратышы же күчтөндүрүшү мүмкүн. Бирок эми ал кандайча болоорун биз көрөбүз. Азыр атамдын мектебине башкы машыктыруучу Шамил Завуровдун болушун каалайм", - деген мушкер.

Эске салсак Орусиянын эмгек сиңирген машыктыруучусу Абдулманап Нурмагомедов 3-июлда Москвадагы ооруканалардын биринде коронавирустан каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: