Алия Шагиева кыздардын сырткы көрүнүшү тууралуу видео тарткан блогер менен кайым айтышып кетти (видео)

Инстаграмда tut.beka деп катталган блогер кыздардын сырткы кийими тууралуу тартып киргизген видео ролигиние нааразы болгон интернет колдонуучулары көп болду. Анда ал кыска юбка кийген кыздарды сойку кыздарга салыштырган. Блогердин видеосунда, ал аялдамада турган кызга кайрылып, анын саатына канча турарын сураган.
"Эмне үчүн бул колдонуучу ушундай видеолорду тартат? Ал катталуучуларын мындай роликтер менен шылдыңдабашы керек! Мен бул айтылгандарды бир эле кызга эмес, жалпы кыздарга айтылган акаарат сөз катары кабыл алдым", - деп жазган Инстаграм колдонуучулардын бири.
Роликке реакция кылгандардын катарында сүрөтчү жана мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева да бар. Ал эфир учурунда блогер кыз менен сөзмө-сөз айтышып кеткен.
Шагиева бөлүп жаруу, дискриминация, зордук зомбулук, басмырлоодон алыс болуу керектигин билдирген.
Алия Шагиеванын сүйлөгөн сөзү аягын чыкпай, күйөөсү телефонду алгандан кийин, эфир үзгүлтүккө учураган.
Ал эми блогер аталган видеону "Тамашоунун" президенти Эрмек Нурбаевдин суранычы менен баракчасынан алып салган.
Сынга алынган видео


Так что азыр кызын кандай журсо ата энесинин тарбиясы жана ата энесин жер караткан да балдары болот.
Аллахым баарыбызга хидаят берсин
Диний жомокторду айтпай эле кой. Ага эл ишенбейт. Тозок, бейиш, акыр заман сыяктуу араб, молдонун жомогуна акыл эстуу адам ишенбейт.
Азыр молдолор ыймансыз.
Баарынарга ачык акыл, ыйман ынсап берсин Аллахым
Кебетенди урайын,кыйын болгон!
Силерге кыздар бербей койсо эле кыздарды жамандай бересинерби
Алия мисалы берем десе силер баарынар шилекейинерду куюлтуп алмаксынар. Жада калса мактанмаксынар аялым Алия деп.
Алия мыркатарга тийбейт да, жакшынакай орус жигитине тийди
Силер анан Алия сыяктуулар силерге татык эмес экенин билип ар кандай кылып жамандайсынар анан Алияларды. Озунордун айылдык хиджап кыздарынарды ала бергиле. Алияларга орус муноздуу кыздарды тийишпегиле.
Корунбойт билинбейт деп ойлойсунарбы. Корунуп эле турат. Кыргыздар. Уят. Кыргыз экенинерге уялып жерге кирип кетпейсинерби, бетинердеги кара уголь баскан коодон. Уят. Уят