super.kg logo
  Саясат  

215 шайлоо участкасы, 289 миң 518 шайлоочу бар. Баткен облусу шайлоого кызуу даярданууда

 

Баткен облусунда 215 шайлоо участкасы, 289 миң 518 шайлоочу бар.

Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун аймагында Кыргыз өлкөсүнүн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого карата даярдык иштери кызуу жүрүүдө.

"Өкүлдүн буйругуна ылайык түзүлгөн облустук штаб, жер жерлерде уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүнүн үстүндө иш алып барууда. Жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо, пандемияга байланыштуу жарандардын саламаттыгы үчүн санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, жарандардан келген кайрылууларды өз убагында кароо, шайлоо участкаларында тынымсыз дезинфекциялоо жумуштарын жүргүзүү боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырмалар берилди", - деп билдирди маалымат кызматынын өкүлү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: