super.kg logo

Кыска юбка кийген кыз жөнүндө ролик тарткан блогер: "Ар ким өзү каалагандай кийинсин, ар кимдин өз эрки"

 
Социалдык тармактарга Бектур Мамашев аттуу блогер менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиеванын түз эфирдеги видеомаеги тараган болчу. Алардын талкуусу блогердин кыска юбка кийген кызга карата жасаган мамиле жөнүндө тарткан ролигинин тегерегинде болгон. Бул боюнча SUPER.KG порталы да жазган болчу. Андан соң редакцияга Мамашев кайрылып көпчүлүктүн талкуусуна алынган ролик тууралуу оюн айтууну туура көргөнүн билдирди.
"Видео боюнча айта кетсем, Казактардын 15 мүнөттүк тарткан ролигин көрүп, мага идеясы жагып калган. Аны кыскартып 1 мүнөттүк кылып тартып чыктым. Албетте, жакшы ой менен жаштарга жакшы маанини бергим келген. Анда кыска юбка кийген кыздардын баарын жаман деген эмесмин жана антип айта да албайм. Ага укугум да жок. Ар ким өзү каалагандай кийинсин, өз эрки. Видеону Инстаграмга жүктөгөндө башында жакшы реакция болуп, оң билдирүүлөр жазылып жаткан. Анан кыска убакытта эле көп көрүүчү топтолуп, 2 сааттын ичинде 100 миңден ашуун адам көрдү. Ал көп көрүлгөндөн кийин Алия Шагиева "Инстаблогер кыздарга кыска юбка кийүүгө тыюу салат" деп жазып, сторис функциясына бөлүштү. Шагиева видеону бөлүшкөндөн кийин, колдонуучулар негатив сөздөрдү жаза баштады.
Алия Шагиева видеону толук көргөнбү же жокпу анысын билбейм, "сен кыздарга кыска юбка кийбе деп жатасың" деген сөзү менен видеону терс жакка буруп салды деп ойлойм. Чынында ар бир адам эле жаман ой менен бир нерсе кылбайт да. Мен ал видеону өтө жакшы ойдо тарткан болчумун. Ошентип ызы-чуу башталганда өзүмдүн баракчамдан түз эфирге чыктым. Ал жактан "Алияны кош" деп суранган көрүүчүлөр көп болуп кетти. Мен чынында анын ким экенин, кимдин кызы экенин ачыгы тааныбайт болчумун. Көрүүчүлөрдүн суранычы менен эфирге Алияны коштум. Видеодо кандай сүйлөшүүлөр болгонун өзүңүздөр көрдүңүздөр.
Роликти суранычтар боюнча өчүрүп салууга туура келди, айрымдар талап кылышты. Кийин мага чалуулар дагы келип жатты. "Тамашаонун" президенти Эрмек Нурбаев чалып, өзүнүн ойлору менен бөлүштү. Ооба, кээ бир жерде мен туура эмес кылышым мүмкүн. Бирок чынында мен 98 пайызга туура кылдым деп эсептейм. Ага карабай, Эрмек байкени сыйлаганым үчүн видеону баракчамдан өчүрдүм", - деди блогер.





Алия Шагиева кыздардын сырткы көрүнүшү тууралуу видео тарткан блогер менен кайым айтышып кетти

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(29)
16.08.2020. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кебетенди урайын акмак,мал. Додуробой жон журсон, эгерде сен айткандай кыздарга бир нерсе дей турганга акың жок болсо анда кысып эле журсоң.
Muslim_KGstana. түзөттү 2020-08-16 15:22:11
16.08.2020. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Muslim_KGstana.,малга тенелген сенда малсын негизи
16.08.2020. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
kushu_bek,Эмне тен келип жатам?
16.08.2020. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Muslim_KGstana., Кыздар айланайын мусулман аял заты, жүрөгүндө бир аз да болсо ыйманы барлар, эгертөзүнөрдү мусулманбыз десенер анда АЛЛАХтын буйругуна толук моюн сунайлы! ал эми өзүн мусулман эсептебегендерге тиешеси жок.
16.08.2020. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Кыздардын баштарын чупурок чумконуп, оронуп жургондорун жактырбайм. Кыздар ар дайым озуно жарашыктуу, татынакай, фигурасына жарашыктуу келген кийимдерди кийгени жакшы. Эркектердин да конулун оздоруно бурат. Эркектер да тыкаан журушсо. Пакистан, арабтардын шалбыларган узун дамбалдарын эмес, тыкан, сакал, мурутту сапсыйтпай чалдарга окшоп, чачты тыкаан алып журушсо кандай приятно.
i1urp түзөттү 2020-08-16 15:46:31
16.08.2020. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
i1urp,кыздардын эркектерди озуно конул бурдуруусу жакшы эмес. Зордуктоо, эркектердин жыныстык жактан алсыз болуп калышы ж.б жаман нерселер ушунун айынан болот. Ислам динин туура пайдаланса адамзатка эн эле пайдалуу, таза Дин.
16.08.2020. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Izana,эн туура
16.08.2020. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
i1urp, чымчык учуп баратса деле мусулманчылыкка жабыштыра берет экенсин да. Сени да мусулман эне торогондур? Атан кулагына азан айтып ат койгондур? Сен 100чу атан басып откон мусулманчылыкты чанып 300чу чон атан карманган тенирчиликти кармап атасынбы? 1000 чи атан торпокко сыйынган болсо торпокко сыйынмак белен?
16.08.2020. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Эркектин ургаачысы деп айтат элем. Озундун мээнен чыккан идея болсо да мейли эле. Казактардын идеясын уурдап озуну хит кылам дединби. Тарбияны алгач озундон башта. Айлана тегерегиндеги эже карындаштарынан башта. Видеодо кыздын уну сеникине караганда жоон уккулуктуу чыгыптыр, а сен кызтеке балдардан чоюлуп кыжырды гана кайнаттынго. Шагиевага оз оюмду айтсам албетте аял каттары кыздын тарабын талашканына соз жок. А бирок президенттин, саясатчынын,интеллигент уй булонун кызы катары баа бербедим.
mira28 түзөттү 2020-08-16 15:45:56
16.08.2020. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
mira28,оз оюн 4 соз менен жеткиликтуу тушундурсо болмок. Кыргыз кыздарына соз тийгизбегиле. Эмне учун кыргыз аялдары эркектерге карата сын айтпайт.Же биздин олкодо эркектер тегереги топ келишкенби. Анда ташталган, кордук коргон балдар, чет олкодо иштеген кыз келиндер энелер кимдин куноосу деп ойлойсунар.
mira28 түзөттү 2020-08-16 15:51:53
16.08.2020. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Аягына чейин кете алсаң чыгарбайсыңбы видеону, эми албетте ар ким өзү билет деп кутулаксыңда , ошону башта ойлонуп тартыш керек эле .Кыска юбка кийгендерди ата энеси ага иниси айтпагандан кийин сага б к барбы ? .Кыска кийгенге ата энем , бир туугандарым каршы эмес дегендер канча.Кыскасы Акылыңа жараша ишти кыл !!! Кыска юбка жөнүндө чыгаргың келсе , башка версияда чыгар Казактардан урдап ууру болбой .Уурдап жылдыз болгондор тойгозушту .Жаман сүйлөсөң эле Фейк деп тоготпой коюшат өзүнчө
16.08.2020. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Agayu. Ооба да. Мисал учун ошол кызга жарашыктуу узун койнок алып барып белеке берип, анан кыз кийип чыгып кубанычка батканын тартсанар бир жагынан адептуулук сылыктык мааниде 2-ден койнокто реклама кылган болот элен Мамашев.
16.08.2020. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Agayu,Кызга кырк жерден тыюу бар дейт - Кыргызда! Азыркы кыздарыбыз келечекте ЭНЕ болот. Бейиш Эненин астында дейт Элибизде. Кыргызды тукум курут кылбайлык десек айткылачы анда Курманжан датка энебиз кыска юбка кийген бекен?
16.08.2020. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Исламчыл олколордо кыздардын эркин жашоосун динчил, сабатсыз, карангы эркектер, молдолор дайыма козомолдогусу келет турат. Биз андай жол менен кетпейли. Копчулук эркектерге кыска юбка кийген, фигурасы чыккан кыздар жагат. Аны эч танбай эле койгула.
i1urp түзөттү 2020-08-16 16:13:13
16.08.2020. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
i1urp, дин боюнча карангы жана сабатсыз адамдын созу. Качандыр бир учурда Ислам дини боюнча сабатынызды жойсонуз ушул создорунуздун канчалык ката экенин тушуносуз. Кудайым ошол кунго жеткирсин. Шерменде кылбасын
16.08.2020. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
i1urp, Кудай буйруса сен да кыздуу болосун, анан кыска кыска кийинтип эркектердин конулун бурдурта бересин.
16.08.2020. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
i1urp,биринчиден карангы Адам деп сени айта алам, себеби кайдан жаралдын кайда барасын билбейсин, экинчиден биз кыргызда чанда Гана укмуш фигурная кыздар болбосо кобунесе кетмен куйрук кыздар коп, шым кийсе шым шорта кийсе шорта жарашпаган, лучше жаап жургон жакшырак
16.08.2020. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
i1urp,Кыска юбка кийген жагат бирок терс жактары аябай коп, агандын же ининдин импотент болуусун каалайсынбы?
16.08.2020. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Чулдураган алкаштын кызына мине бар экен эми. Сен озун жолунда журобер.
16.08.2020. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Mital.89,Кудайдын алдында даражан алкаштыкынан да ылдый болуп калышы мумкун этият бол. Албетте мен сен айтып жаткан адамды эмес сени ойлоп жатам, аны жамандап куноолорун мойнуна алба.
16.08.2020. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Доодургондор коп экен. Диндемин дегендердин арасында,башкасын да арасында. Блогер деген жумуш таап алышты азыркылар. Талаага барып кетмен чаппайбы,блогер чмошныйдай болбой
16.08.2020. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Блогер озун биринчи ондоп Алса. Кебетесин кнлиштрбей
16.08.2020. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ушу блогерлер тойгозду чынын айтсам. кебетесин чиркейдей болгон.кыздарга эмне асыласың деймда арматура
16.08.2020. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кимдир бирөөлөр үчүн бул видео катуу тийгенго.
17.08.2020. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nursul, Этеги кыскаларга жаман катуу тийди го чиркииин.
17.08.2020. 01:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ушул тенирчилер катерина ли тойгуздунарго ар жерге кымчылып
17.08.2020. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Isakov82, сабыр сабыр туугандар теңелбей эле койгула сүйлөп сүйлөп калышат да
17.08.2020. 02:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
10 граммдык стакан го дейм,Бека менен срочно суйлошууго дух берген! !
19.08.2020. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кыздар түзүк болгула.Үйдөн чыгарда,күзгүнү карап кандай ойдо көчөгө чыгасыңар чёрт его знает.Уяттан кийин төрөлгөндөргө теңелбегиле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: