Сутка ичинде 355 бейтап коронавирустан айыгып чыкты
Бүгүн, 16-августта Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев жана Башкортостан Республикасынын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Евгений Кустов маалымат жыйын берип жатышат. Анда аймактардагы эпидемиологиялык кырдаал боюнча акыркы маалыматтар айтылууда. Бүгүнкү күнгө карата 355 адам айыгып, бейтапканалардан чыгарылган.
COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:
Бишкек шаары – 108;
Чүй облусу – 37;
Ош облусу – 52;
Талас облусу – 9;
Нарын облусу – 8;
Ысык-Көл облусу – 52;
Жалал-Абад облусу – 48;
Баткен облусу – 20;
Ош шаары – 21.
Бардыгы болуп республикада акыркы бир сутка ичинде: 355 бейтап айыгып ооруканалрдан чыгарылды.
Жалпы: 34 миң 306 бейтап ооруну жеңди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.