super.kg logo

Коронавирусту дарылоо боюнча клиникалык протоколдун 4-варианты иштелип чыкты

 

Коронавирус илдетин дарылоо боюнча клиникалык протоколдун 4-варианты Орусиядан келген кесиптештер менен бирге талкууланып, иштелип чыкты. Мындай маалыматты бүгүн пресс-конференцияга катышкан орусиялык адистер айтышты.

"Аталган протоколду иштеп чыгууга мен дагы катыштым. Жаңыртылган версияга коронавирус боюнча респиратордук жардам жана интенсивдүү терапия бөлүмдөрүнө өзгөртүү киргизилди. Ошондой эле альтернативдүү ыкма катары этиотроптук дарылоо жаңыланды", - деп билдирди дарыгер-пульмонолог Лилия Козырева.

Кыргыз өлкөсүнүн Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев, протоколдун жаңы 4-вариантында пневмония эске алынып, анын оор формаларын дарылоо ыкмалары киргизилгенин кошумчалады. Протоколдун 4-версиясы даяр жана жакынкы күндөрү ишке кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: