Көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. 17-августка карата аба ырайы
Эртең, 17-августта түнкүсүн Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетээри күтүлүүдө.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +18, күндүз +33;
Талас облусунда түнкүсүн +15, күндүз +28;
Ош облусунда түнкүсүн +21, күндүз +34;
Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +20, күндүз+35;
Баткенде түнкүсүн +19, күндүз +32;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +18, күндүз +21;
Нарын облусунда түнкүсүн +14, күндүз +25;
Бишкек шаарында жаан жаабайт, күндүз ала булут каптап турат. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы түнкүсүн +18, күндүз +33 градус болот.
