Малайзияда атасынын көзүнчө 8 жашар баланы крокодил жеп салды
Малайзияда 8 жашар баланы атасынын көзүнчө крокодил дарыяга алып кирип жеп салды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 12-августта 8 жаштагы Асмин Абдулла Мухибба Хужунг айылынын жанындагы дарыяга атасы менен барган. Атасы бир аз алаксып калганда баланы крокодил кармап, сууга сүйрөп кирип кеткен. Көп убакыт өтпөй эле жырткыч дарыянын аркы өйүзүнөн көрүнгөн.
Полиция кызматкерлери жана Табиятты коргоо департаментинин кызматкерлери тарабынан башталган баланы издөө эч кандай натыйжа берген жок. Крокодилдер адамдарга кол салуу Малайзияда сейрек кездешүүчү окуя эмес.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.