super.kg logo

Индияда TikTok'ко окшош тиркеме иштелип чыкты

 

Индияда TikTok'ко окшош HiPi тиркемеси иштелип чыкты. Бул жөнүндө дүйнөлүк маалымат булактары жазышууда.

Жазылган маалыматка ылайык, жаңы иштелип чыккан тиркемеде 90 секунддук кыска видеолорду тартууга болот. HiPi тиркемеси TikTok'ко окшош. Ал эми жаңы тиркемеге видеолорду киргизүү баарына жеткиликтүү.

Буга чейин, тактап айтканда Индия кытайлык 59 тиркеменин (анын ичинде TikTok, WeChat дагы бар) ишмердигине тыюу салган. Индия өкмөтүнүн айтымында, бул тиркемелер өлкөнүн коопсуздугуна жана коомдук тартипке зыян келтирет.

TikTok тиркемеси 2015-жылы Кытайда ишке киргизилген. Бүгүнкү күндө бул тиркеме социалдык тармактын колдонуучулары арасында популярдуу. Акыркы эсептөөлөр боюнча, дүйнө жүзүндө TikTok колдонуучуларынын саны 700 миллиондон ашат. Аны 150гө жакын мамлекеттин адамдары колдонушат. Расмий маалыматка караганда, АКШда 30 миллиондон ашык адам бул тиркемени колдонот. Жакынкы жылдары популярдуулугу Инстаграмдан да ашат деген божомолдор айтылып келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: