Кыргыз өлкөсүндө күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды
Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, 16-август күнү саат 03:58де Кыргыз өлкөсүнүн аймагында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө болду.
Жер титирөөнүн очогу Кыргыз өлкөсү менен Кытайдын чек арасында, Ош шаарынан түштүк-чыгышты көздөй 140 километр алыстыкта болгон.
Жер титирөө Нура, Икизяк, Эркечтам айылдарында 4 баллга, Кара-Киндик, Кек-Суу, Бор-Дөбө айылдарында 3 баллга, Ак-Талаа, Сары-Таш, Чий-Талаа, Көлдүк, Кичи-Каракол айылдарында 2,5 баллга чейин сезилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.