super.kg logo

Сот Ленин РИИБинин мурдагы жетекчиси Мадияр Кулуевди кызматтан кетирүү буйругун мыйзамсыз деп тапты. Буга Кулуев өзү эмне дейт?

 

Ленин РИИБинин мурдагы жетекчиси Мадияр Кулуевди кызматтан кетирүү буйругу мыйзамсыз деп табылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

"30-июлда чыккан соттун чечими менен Мадияр Кулуевди кызматтан кетирүү буйругу мыйзамсыз деп табылган. Аны кайра Ленин РИИБинин жетекчилик кызмат ордуна коюу буйругу чыккан. Ошондой эле ИИМ Кулуевдин 4 айлык эмгек акысы 116 миң 214 сом төлөп берүүсү каралган", - деп жазылат маалыматта.

Бул боюнча SUPER.KG порталы Мадияр Кулуевге байланышканда ал төмөнкүлөрдү билдирди.

"Сот Ички иштер министри менен өзгөчө абал учурундагы Бишкек шаарынын комендантынын чыгарган чечимин мыйзамсыз деп тапты. Себеби өзгөчө абал убагында комендант министрге эмес, түздөн-түз президентке баш ийиши керек эле. Бирок министр комендантка мени "бошот" деген буйрук берген кагазы табылды. Эң кызыгы министр коменданттын үстүнөн дагы орун басарын көзөмөлдөтүп койгон. Азыр кызматыма бара элекмин. ИИМ кайра арызданат окшойт. Эми жетекчилик өзүнө келип, ишти карап чыгып мени өз кызматыма отургузса керек", - деди Кулуев.

Бул тууралуу ИИМ маалымат тарата элек.

Окуянын чоо-жайы:

Ушул жылдын 7-апрелинде Ленин РИИБинин жетекчиси Мадияр Кулуев кызматтык милдеттерин так аткарбай, одоно тартип бузууга жол бергендиги үчүн кызмат ордунан бошотулганын Бишкек шаардык комендатуранын басма сөз кызматынан билдиришкен. Ал эми Мадияр Кулуев бул окуяны өзүм дагы түшүнбөй жатам деп айтып берген. Андан киийн Чыңгыз Керимкулов Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалса, июль айында Ленин РИИБинин жетекчиси болуп Жеңишбек Абитов дайындалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: