super.kg logo

23 жолу бычак сайылган. Ош шаарында адам өлтүрүүгө шектелип 26 жаштагы жаран кармалды

 

Ош шаарында адам өлтүрүү фактысына шектелип, 26 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-август күнү саат 01:00 чамасында Анар кичи районунун тургуну кошунасын белгисиз атуулдар подъезде бычак сайып кетишкендигин билдирген. Окуя болгон жерге Ош ШИИБинин ыкчам тергөө тобу барып, 1980-жылы туулган Ж.К. аттуу жарандын денесине 23 жолу бычак сайылып каза болгондугу аныкталган.

Ыкчам иликтөө ишинин натыйжасында шектүү катары, алыскы жолго чыгууга камынып жаткан учурда Ош облусунун Кара-Суу районунун 1994-жылы туулган А.Б.у. аттуу жаран кармалган. Шектүү Кара-Суу районунун убактылуу тургуну, мурда ажырашкан. Эч жерде иштебейт.

Каза болгон жаран Ош шаарынын Анар кичи районунун тургуну, билими орто, жумушу жок, экинчи топтогу майып экендиги аныкталган.

"Алгачкы тергөө амалдары көрсөткөндөй шектүү менен маркум өз ара тааныш болгон. Окуядан туура 5-6 күн мурда аталган батирде ичимдик ичип отурушуп өз ара түшүнбөстүктөн улам чырдаша кетишкен. Натыйжада шектүү таарынып үйдөн чыгып кеткен. Андан соң өч алуу максатында бычак алып келип, үй ээсин сыртка чакырып, ал чыгаары менен токтоосуз 23 ирет денесинин ар кайсы жерине бычак сайган. Учурда шектүүнүн көрсөтмөлөрү текшерилүүдө. Тиешелүү экспертизалар дайындалды. Шектүүнүн үстүнөн "адам өлтүрүү" беренеси менен иш козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат", - деди басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
17.08.2020. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тобаа эмне деген эле заман болуп жатат арабызда канкорлор эле көбөйүп кеттиго.Алла өзү сактасын.канкорлорго өлүм жазасына закон чыгарбаса бул мыкаачылар азайбайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: