Блогер Элмир Сыдымановдун Инстаграм баракчасы чуулгандуу окуядан кийин кандай нукка өзгөрдү?
"Сыдыман" каймана аты менен белгилүү болгон Элмир Сыдымановдун Инстаграм баракчасы анын чуулгандуу түз эфиринен кийинки соттук отурумдардан соң башка нукка өзгөрдү. Дегенибиз, ал буга чейин кыздар менен түз эфирге чыгып аларды шылдыңдоо өңүтүндөгү тапшырмаларды берип, аларды шакабага алуу менен "хайп" жаратчу.
Учурда анын социалдык тармактагы баракчасы башка нукка өзгөргөнүн тартып жаткан роликтери аркылуу билсек болот. Учурда анын видеолору кайрымдуулукка, мекенчилдикке, ата-энени сыйлоого үндөйт.
Ошондой эле Инстаграм баракчасындагы түз эфири акыркы күндөрү жаш таланттарга көбүрөөк басым жасалып, алардын кыял максаты жана таланты тууралуу кеп курат. Бир гана кыздар эмес азыр мекенчил балдар менен дагы түз эфирде маек куруп, алардын катылып жаткан талантын өзүнүн баракчасына жайгаштыруу менен алек. Ал мыкты ырдаган, пародия аткарган таланттуулардын видеосун жүктөп "бизде таланттуу балдар көп экен, алардын ичинен бирөөнү тандоо кыйын. Мен эми таланттууларды издейм", - деген билдирүүсүн калтырган.
"Сыдыман" каймана аты менен белгилүү болгон блогер Элмир Сыдымановдун социалдык тармакта хейтерлер тууралуу айткан билдирүүсү коомчулуктун нааразычылыгын жараткан. 17-февраль күнү ал Октябрь РИИБинин экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан 313-берененин (расалык, этникалык, улуттук, диний жана аймактар аралык кастыкты козутуу) негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 18-февралда блогердин баш коргоо чарасы каралып, ал эки айга камакка алынган.
Ал эми 28-февралда блогер үй камагына чыгарылган. Блогердин ишин Октябрь райондук соту карап, анда чуулгандуу видеого кайрадан комплекстүү психологиялык-лингвистикалык экспертиза дайындалган.
Сыдымандын баракчасы чуулгандуу видеосунан кийин такыр башка нукка өзгөрдү







1 |