Бишкекте бал жарманкеси болот
Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет
театрынын жанында 20-29-сентябрь күндөрү бал жарманкеси болот. “Кыргыз бал
челекчилер биримдиги” коомдук бирикмеси билдиргендей, иш-чаранын салтанаттуу
ачылыш аземи саат 11:00дө болот. 3 жылдан бери уюштурулуп келген жарманке быйыл
2-жолу болуп жатат. Ага 25тен ашуун балчылар катышышмакчы. Максаты –
шаардыктарга сапаттуу, табигый бал азыктарын тартуулоо жана эл арасында таза
балды колдонууну жайылтуу. Иш-чаранын алкагында Бишкек шаарындагы жетим
балдарга жардам көрсөтүлмөкчү.
Автор: Ширин Жумадилова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















