super.kg logo

Бишкек шаарынын Октябрь районунда көчө шамчырактары жаңыланды

 

"Бишкексвет" муниципалдык ишканасы Октябрь районунун тышкы жарыктандыруусун модернизациялоо боюнча иштерди улантууда. Жакында ишкананын адистери Шакиров көчөсүнүн Ахунбаев көчөсүнөн Ташкөмүр көчөсүнө чейинки бөлүгүнө, Арасан, Береговый көчөлөрүнө тышкы жарыктандырууну киргизишти. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Эми аталган көчөлөрдү 30 светодиоддук чырактар жарыктандырат. Достоевский көчөсү Анкара көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейин тышкы жарыктандыруу үчүн жаңы темир бетондук түркүктөр орнотулуп, аларга 30 светодиоддук чырак жана кронштейндер бекитилип, 1 миң 170 метр аба электр чубалгылары тартылды. Ошондой эле №4, №8 кичи райондорунун №26а, 1,7, 19, 91 үйлөрүнүн короолоруна 17 түркүк орнотулуп, 310 метр аба электр чубалгылары тартылды.

Мындан тышкары Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү аллея да жарыктандырылды. №14 үйдөн №79 үйгө чейин 15 светодиоддук чырактар орнотулду. №26 мектеп-гимназиясынын айланасына кошумча 5 светодиоддук чырак жана кронштейн орнотулуп, 150 метр электр өткөрүүчү линиялар тартылды", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: