super.kg logo

Вице-премьер "Рука в руке" аутизм менен жабыркаган балдардын ата-энелеринин коомдук бирикме борборуна барды

 

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова 2012-жылдын сентябрь айында негизделген "Рука в руке" аутизм менен жабыркаган балдардын ата-энелеринин коомдук бирикме борборуна барды.

Аталган борбордо аутизмдин ар-кыл формасынан жабыркаган балдар даярдыктан жана абилитациядан өтөт, ошондой эле мында ата-энелер, медициналык жана социалдык кызматкерлер үчүн семинарлар жана тренингдер өткөрүлөт.

Аида Исмаилова балдарды натыйжалуу адаптациялоо жана социалдаштыруу үчүн дартты эртелеп аныктоо жана кийлигишүү боюнча долбоор менен таанышып чыкты.

Борбордун жамааты менен жолугушуунун жүрүшүндө өкмөттүн 2012-жылдын 31-январындагы №675 токтому менен бекитилген "Жаранды ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам деп эсептөө жөнүндө жобого" өзгөртүү киргизүү маселеси талкууланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: