Жалал-Абад. Кара-Көл шаары электр энергиясын сатуудан түшкөн пайдадан үлүш алуу менен жылына кошумча 30 миллион сом таба турганы айтылууда
Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы ГЭСтер өндүргөн электр энергиясын сатуудан түшкөн кирешенин 2 пайызы жергиликтүү бюджетке түшөт. Муну шаардын мэри Мамбет Койчуев 16-сентябрда билдирди. "Ушул жылдын аягына чейин шаардык бюджетке 8 миллион 963 миң сом түшөрү күтүлүүдө. Ал эми бир жылда кошумча 25-30 миллион сом киреше түшүп турмакчы",- дейт шаар мэри. Өкмөттүн жаңы токтомунун негизинде мындай мүмкүнчүлүккө Таш-Көмүр шаары жана Токтогул, Ат-Башы райондору дагы ээ болорун кошумчалады мэр.
Автор: Кенже Тынымбек кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















