super.kg logo

Вице-премьер орусиялык медицина кызматкерлерине көрсөтүлгөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди

 

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова орусиялык медицина кызматкерлерине көрсөтүлгөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Бүгүн Кыргыз Республикасына коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүүгө көмөк көрсөтүү үчүн келген орусиялык дарыгерлердин миссиясы жыйынтыкталды.

"Убакыттан пайдалануу менен Кыргыз өкмөтүнүн жана өлкө тургундарынын атынан орусиялык дарыгерлерге COVID-19 дартына каршы күрөшүүгө өз учурунда көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирем. Өлкөгө келген алгачкы күндөн тарта орусиялык дарыгерлер эң татаал жана жооптуу тилкелерде иш алып барышты. Алар тарабынан көлөмдүү иш аткарылды. Врач-эпидемиологдор, инфекционисттер жана башка багыттагы адистер кыргыз кесиптештери менен биргеликте коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүүдө практикалык көмөк көрсөтүштү. Сиздердин жардамыңыздардын натыйжасында инфекциянын толкунун жайгарууга мүмкүндүк болду", - деп белгиледи вице-премьер-министр.

Орусиялык врачтар Кыргыз Республикасынын президентинин жана Орусия Федерациясынын президентинин ортосунда жетишилген макулдашуулардын алкагында иш алып барышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: