super.kg logo

ИИМ: "Ооганстандан Кыргыз өлкөсүнө апийим ташып келип, сатып жүргөн кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду"

 

Ооганстандан Кыргыз өлкөсүнө апийим ташып келип, сатып жүргөн кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"ИИМдин Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Баткен облусу боюнча кызматкерлери тарабынан Ооганстандан Кыргыз өлкөсүнө апийим баңги затын ташып келип, сатып жүргөн кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Сотко чейинки өндүрүштүн аталган кызматтын кызматкерлери Кадамжай районунан Баткен облусунун аймагына киргизилип келген жана андан ары сатууга аракет кылып жаткан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалган. Андан 2 килограмм 40 грамм салмактагы апийим баңги заты табылып алынган.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Азыркы учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка шектүүлөрдү аныктоо боюнча иштер жүргүзүүлүдө", - деп жазылат маалыматты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: