Ошко Москвадан 158 Кыргыз жараны учуп келди
Бүгүн, 17-августта "Ош" эл аралык аэропорту "Авиа Траффик Компания" авиакомпаниясынын "Москва -Ош" багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Орусиядан 158 Кыргыз жараны мекенине кайтып келди, алардын арасында жаш балдар да бар. Борттогу орундуктардын саны чектелүү жана Кыргыз мамлекетине келүүнү каалаган жарандардын саны көп болгондуктан бул каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмесин кыргыз диаспорасынын, Элчиликтин кызматкерлеринин, ИММдин өкүлчүлүктөрүнүн жана Орусиядагы Кыргыз өкмөтүнө караштуу ММКнын өкүлдөрүнөн турган Комиссия түзгөн.
Комиссиялык тандоо гуманитардык критерийлер боюнча Кыргыз жарандарынын жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлдү. Өзгөчө, каттамга Орусиянын жогорку окуу жайларында окуган студенттер, төрөтү жакындап калган кош бойлуу жана жаш балалуу аялдар, ошондой эле мекенине чукул түрдө кайтышы керек болгон себеби бар жарандар, мисалы: оор илдети бар, жакында эле хирургиялык операция жасаткан, жакындарынын кайтыш болушу жана башка оор турмуш кырдаалдарына кабылгандар киргизилген.
