super.kg logo

Илон Маск дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесинде 4-орунга жайгашты

 

Америкалык бизнесмен, "Tesla" жана "SpaceX" компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск "Bloomberg" басылмасынын рейтинги боюнча дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесинде 4-орунга жайгашты. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, мындай рейтингди "Bloomberg" басылмасы чыгарган. "Tesla" компаниясынын акциясы дүйшөмбү күнгө карата 11 пайызга өскөн. Мында Масктын кирешеси 7 миллиард 8 миллионго көбөйүп, жалпы байлыгы 84 миллиард 8 миллионго бааланган.

Басылманын рейтинги боюнча:

  • "Amazon" компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безостун байлыгы 188 миллиард доллар. Тизмеде биринчи орунда жайгашкан.
  • "Microsoft" компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс. Анын байлыгы 99 миллиард доллар. Экинчиликте жайгашкан.
  • "Facebook" компаниясынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг. Анын байлыгы 90 миллиард 3 миллион доллар.

Буга чейин Илон Маск дүйнөдөгү эң бай 10 адамдын катарына киргени айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: