super.kg logo

Акыркы бейтапты үйүнө узатышты. Кыргыз темир жолдору бейтапканасы кадимки тартипте иштей баштады

 

Кыргыз темир жолдору бейтапканасы кадимки тартипте иштей баштады. Оорукананын эмгек жамааты COVID-19 илдетинен сакайган акыркы жаранды үйүнө чыгарышты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, бейтапкананын жетекчилиги коронавирусту жеңген 79 жаштагы аялды салтанаттуу түрдө үйүнө узатты.

"К.Ж. аттуу 1941-жылы 16-июлда туулган айым биздин бейтапканага 6-августта түшкөн. Бишкек шаарынын тургуну COVID-19 илдетине кабылып, эки тараптуу пневмония болгонун аныктадык. Анын абалы орто болчу. Жашы 80ге таяп калган апа биздин дарыгерлердин жардамында илдетти жеңип, 15-августта салтанаттуу түрдө үйүнө чыгарылды", - дейт бейтапкананын башкы дарыгеринин орун басары Ирина Шевцова.

Ал өз сөзүндө, азыркы учурда бейтапкана кадимки тартипте иштеп, медициналык мекеменин багытына туура келген бардык бейтаптарды кабыл ала баштаганын кошумчалады.






Кыргыз темир жолдору бейтапканасынын эмгек жамааты COVID-19 илдетинен сакайган акыркы жаранды салтанаттуу түрдө үйүнө узатышты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: