super.kg logo

Онлайн окутуу мезгили үчүн окуу жайларга сунуштамалар иштелип чыкты

 

Кыргыз өлкөсүндөгү жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын администрациясы, окутуучулары жана студенттери үчүн онлайн окутуу мезгилинде ар тараптуу көмөк көрсөтүү боюнча атайын сунуштамалар жана нускамалар иштелип чыкты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Министрдин орун басары Нурлан Омуров окуу жайлардын жетекчилиги менен онлайн жыйын өткөрүп, COVID-19 пандемия шартында онлайн окутууну ишке ашырууга шарт түзүү максатында түзүлгөн Консультативдик кеңеш тарабынан иштелип чыккан сунуш жана кеңештерди тааныштырды.

Консультативдик кеңеш 3 багытта иш алып барды:

Биринчи топ пандемия шартында онлайн окутууну ишке ашыруу үчүн окуу жайлардын уюштуруу иштерине байланыштуу маселелерди чечүүгө багытталган кеңештерди иштеп чыкты. Ал кеңештер укуктук маселелерге, финансылык аспектилерге, санитардык-гигиеналык нормаларга, санариптик инфраструктуранын камсыз болушуна, ачык ресурстардын ачылышына жана аларды пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө, санариптик ошодой эле билим технологиялары маселелерине арналат;

Экинчи топ окутуучулардын, көмөк көрсөтчү жардамчы кызматкерлердин жана администрациянын потенциалын жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыкты. Топ онлайн режиминде билим берүүнү уюштуруу боюнча окутуучулар үчүн усулдук колдонмолорду иштеп чыгууда. Ал окутуучуларга онлайн билим берүүнүн негизги билимдерин жана методологиясын бекемдөөгө, онлайн курстарды жана тапшырмаларды иштеп чыгууда көндүмдөрдү өркүндөтүүгө, студенттер менен натыйжалуу ишти уюштурууга, санариптик технологияларды колдонууга жардам берет;

Үчүнчү топ студенттерди онлайн режиминде билим берүү процессине даярдоо боюнча сунуштарды иштеп чыгышты. Иштелип чыккан практикалык колдонмо студенттер үчүн (айрыкча 1-курс студенттери үчүн) онлайн режиминде пайдалуу практикалык курал болуп калат. Студенттерге жөнөкөй жана жеткиликтүү тилде дистанциялык билим берүү түшүнүгү берилет. Мындан сырткары окутуу аянтчаларын колдонуу боюнча, өз алдынча иштөөгө даярдык көрүү, билим берүү уюмунун ар кандай ресурстарын пайдалануу боюнча практикалык көрсөтмөлөр берилет.

Алдыңкы университеттердин колдоосу менен бардык типтеги окуу жайлардын окутуучулар курамын камтыган вебинарлар уюштурулат жана өткөрүлөт. Окутуу программасы мугалимдердин санарип сабаттуулугун жогорулатууга, аралыктан билим берүүдө ар кандай интерактивдүү технологияларды колдонуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: