Бишкекте санитардык талаптарды аткарбай иштеп жаткан 20дай кафе-ресторандар аныкталды




Бишкекте санитардык талаптарды бузуу менен кечки саат 22:00дөн кийин иштеген 20дан ашык кафе-ресторандар, клубдар аныкталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаардык мэриясынын санитардык-экологиялык инспекциясынын башчысы Медербек Амангелдиев билдирди.
“17-августтагы санитардык рейддин жүрүшүндө эреже бузуулар жөнүндө Кодекстин 293-беренесине ылайык 12 протокол түзүлүп, айып пулдун өлчөмү 46 миң сомго жетти. Пандемия шарттарын бузгандардын катарына "Кайнар", "Палацио", "Сары Өзөн" ресторандары, "Абстракт" кафеси, ошондой эле Киев жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Народный" супермаркети, "Даамдуу" тез тамактануу жайлары жана башкалар кирет”, – деп билдирди Медербек Амангелдиев.
15-17-август күндөрү баш калаада коронавирус пандемиясына байланыштуу карантин чараларынын сакталышы боюнча рейд жүргөн.
Эскерте кетсек, пандемиядан улам Бишкек шаарында киргизилген карантиндик чектөөлөрдүн негизинде кафе-тойканаларда той өткөрүүгө, эл көп катышуучу иш-чараларга тыюу салынган
