super.kg logo

18-август - Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн авиация күнү

 

18-август - Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн авиация күнү, ушул эле күнү 23565 аскер бөлүгү өзүнүн түзүлгөндүгүнүн 61 жылдыгын белгилешет.

Биздин республиканын аскер авиациясы кандуу 1941-жылы негизделген – дал ошол жылы Одессадагы авиация мектебинин учкучтарын Фрунзе шаарына эвакуациялоо чечими кабыл алынган. 1941-жылдын февраль айында алар согуштук окууну башташкан. 1945-жылы август айында учкучтардын мектеби Кызыл армиянын авиациясынын учкуч-штурмалоочулардын Одессалык аскер окуу жайы болуп кайрадан түзүлүп, 1947-жылдын май айына чейин Абадан коргонуу күчтөрү үчүн кадрларды даярдаган.

1947-жылдын июнь айынан баштап аскер окуу жайы СССРдин Абадан коргонуу күчтөрүнүн Фрунзе аскердик авиациялык окуу жайы болуп аталып калган. Кийинчерээк ал авиациялык кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо боюнча 5-Борбордук курс болуп кайра түзүлгөн. Ал эми 1959-жылдын 18-августунда Кыргызстандын аймагында 23565 аскер бөлүктүн базасында авиациялык окуу полку түзүлгөн.

1957-жылдан 1992-жылга чейин бул курстардан 54 өлкөдөн 110 авиациялык адистиктер боюнча 21 682 адам даярдалган, анын ичинен 5698 учкуч, 749 штурмалоочу, 469 согуштук башкаруучу офицерлер, 165 аткыч-радисттер, 8998 авиатехниктер жана 500дөн ашык башка адистиктер боюнча даярдалган.

1992-жылы көз карандысыздыкка ээ болгондон кийин бардык аскер бөлүктөрү анын ичинде учуу боюнча да Кыргыз Республикасынын Юрисдикциясына алынган.

Бул жылдар аралыгында өлкөнүн аскердик авиациясы Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн ажыралгыс бөлүгү болуп калды. Биздин авиаторлор Суусамырдагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуда, Сузактагы суу ташкынында элди көчүрүүдө, 1999-2000-жылдардагы Баткендеги бандалык түзүмдөр менен согушта, ошондой эле 2010-жылы Жалал-Абад, Ош областарындагы өзгөчө абал режимин камсыз кылышкан. Ысык-Көл, Чүй, Ош, Баткен областтарындагы өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга да катышкан.

Бүгүнкү күндө да аскер авиаторлору коюлган күжүрмөн тапшырманы аткарууга дайыма даяр туруп, республиканын бийик тоолуу аймактарынан, бийик жерлердеги оорулууларды, кырсыкка учурагандарды эвакуациялоо жана издөө-куткаруу иштеринде өз миссияларын мыкты аткарып келишет. Эл аралык машыгууларда да өлкөнүн куралдуу күчтөрүн татыкттуу көрсөтүшүүдө.

Ушул жылы республикабыздын ар кайсы райондорундагы өзгөчө абал режиминин жүрүшүндө биздин учкучтар курсанттарды, аскер академиясынын угуучуларын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн алып келүү боюнча биринчилерден болуп бир нече рейстерди өткөрүшкөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: