super.kg logo

Балыкчыда жаш медицина кызматкерлерине эмгек маянасынан сырткары ай сайын 3 миң сом каражат бөлүнүп берилет

 

Балыкчы шаарынын медицина мекемелеринде жана билим берүү бөлүмдөрүндө эмгектенип жаткан жаш адистерге жергиликтүү бюджеттин эсебинен айлык маянасынан тышкары кошумча каражат бөлүнүп берилет. Бул тууралуу Балыкчы шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдирди.

"Мектептерде, бала бакчаларда,балдар спорт мектебинде иштеп жаткан жаш адистерге материалдык колдоо көрсөтүү максатында, жергиликтүү бюджеттин эсебинен ар бир жаш адиске 1 миң сом өлчөмүндө ай сайын эмгек маянасынан сырткары кошумча каражат, ал эми шаардык үй-бүлөлүк медицина борборунда, аймактык шаардык ооруканада, ооруларды алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунда, тиш дарылоо бейтапканасында иштеп жаткан адистерди материалдык колдоо көрсөтүү максатында, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 3 миң сом өлчөмүндө ай сайын эмгек маянасынан сырткары бөлүп берилүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Маалыматта Балыкчы шаары боюнча жыл ичинде бардыгы болуп жергиликтүү бюджеттен ушул күнгө чейин 469 миң сом төлөнүп берилгени кошумчаланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: