Саламаттыкты сактоо министри коронавирустан каза болгон бейтаптардын статистикасын кайрадан карап чыкты
Саламаттыкты сактоо министрлиги жаңы типтеги коронавирустан каза болгон бейтаптардын статистикасын кайрадан карап чыкты. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
2020-жылдын 18-августуна карата өлкөдө жаңы типтеги коронавирус илдетинен 1 миң 53 өлүм катталды.
Буга чейин каза болгондордун статистикасы COVID-19 U07.1ё үчүн ПЦР-изилдөөсүнүн оң жыйынтыгынын негизинде жана COVID-19 U07.2 үчүн пневмониянын белгилери менен жүргүзүлгөн, бул каза болгондордун санын бурмалоого алып келди.
Ушуга байланыштуу COVID-19 коронавирус инфекциясы менен каза болгондордун себебин изилдөө боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Комиссия башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын изилдеп чыгып, 2019-2020-жылдардын 7 айындагы өлүмдөрдүн ыкчам талдоосун колдонуп, ошондой эле COVID-19ду ырастоо жана кодго алуу боюнча эл аралык методикалык сунуштардын негизинде каза болгондордун себептери төмөндөгүдөй тыянакка келди, каза болгондордун 437 учурунун (29 пайызы) негизги себеби COVID-19 болгон эмес. 437 учурдун арасынан 358 учурдун (82 пайызы) себеби жүрөктүн коронардык оорусу болгон, 24 учурдуку (5,6 пайызы) – курч миокард, 13 учурдуку (3,1 пайызы) – мээдеги кан айлануунун курч бузулуусу, 10 учурдуку (2 жарым пайызы) – бөйрөктүн курч жетишсиздиги, 32 учурдуку (6,8 пайызы) – башка себептер (өз жанын кыйгандар, өнөкөт оорулар жана башка).
Бул чаралар Улуу Британия жана Испания тарабынан кабыл алынган, статистика тиешелүүлүгүнө жараша 5 миң 359 жана 2 миң учур болуп кыскартылганы белгиленген.
Мындан улам бүгүнкү күнгө карата өлүм учурларынын саны 1 миң 53 учурду түзүп, өлүмдүн көрсөткүчү – 2,4 пайыз, 1 миллион калкка өлүмдүн көрсөткүчү – 162 учурду түздү.
Статистика кайра каралгандыктан, 7 айдын жыйынтыгы боюнча ашыкча өлүм учуру катталганы байкалган эмес, 2019-жылдын 7 айында жалпы 19 миң 346 учур (же 100 миң калкка 301,3 учур) катталса, 2020-жылдын 7 айында 18 миң 799 өлүм катталган (же 100 миң калкка 287 учур).
