super.kg logo

Өкмөттө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин укугу боюнча кеңешме өттү

 

Вице-премьер-министри Аида Исмаилова аутизм менен жабыркаган балдардын ата-энелеринин "Рука в руке" коомдук бирикмесинин борборуна баруусунун жыйынтыгы боюнча БУУ майыптар укугу жөнүндө конвенциясынын жоболорун ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Кеңешмеге эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров, билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова, Саламаттыкты сактоо министрлигинин дарылоо башкармалыгынын начальниги Жылдыз Ибраева, ошондой эле жарандык коом өкүлдөрү жана ыктыярчылар катышты.

Анда мүмкүнчүлүгү чектелген жактарды коомго интеграциялоо, инклюзивдик билим берүүнү ишке киргизүү, медико-социалдык экспертизаны реформалоо, ден-соолугуна байланыштуу көйгөйдү эртелеп аныктоо программасынын жоктугу, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды эмгекке орноштуруу маселеси талкууланды.

"Мамлекет тарабынан жарандардын, анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген жактардын укугун жана кызыкчылыгын коргоого багытталган ырааттуу социалдык саясат жүргүзүлүшү зарыл. Артыкчылыктуу багыттардын катарында калкты социалдык жактан тейлөө жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү, медико-социалдык экспертизаны реформалоо, инклюзивдик билим берүүнү ишке киргизүү жана инфраструктурага жеткиликтүүлүктү камсыздоо маселеси турат. Бул багытта өкмөт тарабынан өлкөнүн экономикалык жана финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен баскычтуу күч-аракеттер жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө социалдык тармакта тийиштүү чечимдерди талап кылган бир катар маанилүү маселелер топтолду. Мындан ары карай БУУ ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер жөнүндө конвенциясынын жоболорун ишке ашыруу маселесин биргелешүү менен алга жылдырабыз деп ишеним билдирем", - деди вице-премьер-министр.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн эртелеп кийлигишүү программасын жана аталган балдар үчүн жеке ассистенттерди окутуу ыкмасын иштеп чыгуу, дарыгерлер үчүн мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энеси менен иш алып баруудагы психологиялык тренингдерди ишке киргизүү тапшырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: