super.kg logo

"Мамлекетим сакталып калышы үчүн ушундай жолду тандап алдым". Малинин президенти отставкага кеткенин жарыялады

 

Мали Республикасынын президенти Ибрагим Бубакар Кейт отставкага кетерин жана парламент таркатыла тургандыгын жарыялады. Мындай чечимди ал козголоңчулар барымтага алгандан бир нече саат өткөн соң кабыл алган. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Жазылган маалыматка караганда, буга чейин борбор калаа Бамакого жакын аскер базасында көтөрүлүш болгон. Козголоңчулар президент Ибрагим Бубакар Кейт жана премьер-министр Бубу Сиссени камакка алышкан.


"Мен кызматымды ушул учурдан баштап токтотууну туура көрдүм. Кан төгүүнү каалабайм, ошол эле учурда мамлекетим сакталып калышы үчүн ушундай жолду тандап алдым", - деген президент.

Мындан тышкары ал өкмөттү жана парламентти таркатууну жарыя кылган.

Буга чейин аскер кызматкерлери президент Ибрагим Бубакар Кейттин кызматын таштап, өлкөдөн чыгып кетишин талап кылган. Ал эми 15 өлкөнү камтыган Батыш Африка мамлекеттеринин Экономикалык шериктештиги бардык чек араларды жаап, Мали менен экономикалык келишимдерди токтотууну чечти.

Ибрагим Бубакар Кейт 2013-жылы 11-августта өлкөнүн президенти болуп шайланган. Ал эми 2018-жылы 2-мөнөткө кайрадан шайланган.

Акыркы убакта Мали курч саясий кризиске кабылып, оппозиция президенттин отставкага кетишин талап кылып келгени жазылган маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
19.08.2020. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эркек экен президент да барымтага алган аскер кызматкерлери да бизде жалан катындар жеп жутарлар
19.08.2020. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздикилер качан ушундай чечим чыгарышат болду экен я?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: