Жалал-Абаддагы эки күндүзгү стационардын бирөө жабылды
Бейтаптар азайгандыгына байланыштуу Жалал-Абад шаарындагы бир күндүзгү стационар жабылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Жалал-Абад шаарындагы Раатбек Санатбаев спорт мектебинде уюштурулган күндүзгү стационарга кайрылгандардын саны азайгандыгына байланыштуу жабылган. Учурда "Газпром" спорт комлексиндеги күндүзгү жана ЖАМУнун спорт залындагы түнкү стационарлар иштеп жатат.
Жалал-Абад облусунда жалпы 3 миң 847 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.