super.kg logo

Интернетте акула сууга түшүп жаткандар менен "ойногон" видео көпчүлүктү таң калтырды

 

Интернетте кит акуласы сууга түшүп жаткан адамдар менен "ойногон" видео көпчүлүктү таң калтырды. Анда окуя Индонезияда болгону айтылган. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, видеодо кит акуласы сууда сүзүп жүргөн адамдардын жанына келип, алар менен "ойногону" тартылган. Анда суунун ичинде жүргөн эркек кишиге келип, ага кол сала тургандай түр көрсөткөн. Бирок акула кол салган эмес. Тескерисинче "достук мамиле" кылган.

"Бул мен үчүн эч нерсеге салыштыргыс тажрыйба болду. Алгач жаныбар мага кол салат деп ойлодум. Бирок ал абдан назиктик менен "достук мамиле" кылды", - деген сууда жүргөн адам.

Кит акуласын алаксытуу үчүн кайыктагы адамдар ага балык ыргытышкан. Ал эч кимге зыянын тийгизген эмес.

Кит акуласы - дүйнөдөгү балыктардын чоң түрүнө кирет. Алардын узундугу 12 метрге чейин жетет. Адамдарга коркунуч туудурбайт.






Интернетте акула сууга түшүп жаткандар менен "ойногон" видео көпчүлүктү таң калтырды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: