"Жыл башынан бери Свердлов районунда 159 көчө жарыктандырылды. 1 миң 830 светодиоддук чырак, бир жарым миңден ашык кронштейн орнотулуп, анын алдына 30 км аба чубалгылары тартылды. "Чыгыш-5" кичи районунун №1, 1/3, 2, 2/3, 3/3, 4, 4/3, 5, 8, 9, 10, 12, 20, 21, 22, 30, 31 үйлөрүнүн короолоруна 58 чырак, 9 кронштейн, 18 темир түркүк орнотулуп, 1 миң 265 метр аба чубалгылары тартылды.

Эскерте кетсек, бул жылы төрт районго 10 миңдей чырак орнотулат", - деп жазылат маалыматта.