Эртең Бишкек шаарынын айрым райондорунда таза суу берүү токтотулат (тизме)
Эртең, 20-августта Бишкек шаарынын айрым райондорунда куруу-оңдоо иштерине байланыштуу саат 9:00дөн 21:00гө чейин таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.Маалыматка ылайык, Сүйөркулов–Тыныстанов–Ахунбаев- "Ала-Арча" суусу, Радищев, Лев Толстой–Жукеев-Пудовкин, Элебесов–Медеров, Жукеев-Пудовкин– Ахунбаев, Элебесов–Байтик Баатыр көчөлөрү чектешкен жерде таза суу берүү токтотулат.
Суу менен камсыз кылуу боюнча көйгөйлөр жаралса "Бишкексууканал" башкармалыгынын төмөнкү байланыш номерлерине чалыңыздар:
"Бишкексууканал" башкармалыгынын борбордук диспетчердик кызматы: 56-03-20;
Ички үйлөрдүн түйүндөрү боюнча кайрылуулар үчүн байланыш: 54-42-45, 54-42-44;
"Шаарсууөткөрүү" башкармалыгы тышкы түйүндөр боюнча кайрылууларды кабыл алат: 44-95-97;
Көйгөйлөрдү сүрөттөрү менен "Бишкексууканал" башкармалыгынын 0770 838458 WhatsApp номерине жиберсеңиздер болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:59
2026-08-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















