super.kg logo

"Нурик, родной бактылуу бол" деп айтып, асманды карай ок аткан бала кармалды

 

Үлпөт тойдо "Нурик, родной бактылуу бол" деп айтып, асманды карай тапанча менен ок аткан бала табылып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

18-август күнү интернетте колуна белгисиз үлгүдөгү тапанча куралы менен асманга бир жолу ок аткан. Аталган факты боюнча топтолгон материалдар Өзгөн РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "бейбаштык" беренеси менен катталган.

"Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Өзгөн районунун Мырза-Аке айылынын тургуну кызматкерлери тарабынан өзгөчө кырдаал мезгилинде көп адамдарды топтоп той өткөрбөө боюнча айтылып эскертилгендигине карабастан уулуна үлпөт той берген. Аталган тойдо белгисиз жаран асманга бир жолу ок чыгарган. Бул эл арасында чуу салып, терс көрүнүштөрдү жараткан.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чаралардын жүрүшүндө тойдо курал колдонгон жарандын аты-жөнү такталып, ал Алай районунун Жаӊы-Арык айылынын тургуну 20 жаштагыЖ.Э.у. аттуу жаран болгон. Ал кызматкерлер тарабынан кармалып келип, 18-августта Өзгөн РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда үлпөт той өткөргөн үй-бүлө мүчөлөрү, үлпөткө катышкан жарандарды суракка алуу уюштурулуп, тийиштүү иш чаралар жүргүзүлүүдө", - деп билдирди басма сөз кызматынан.

Буга чейин Интернетте үлпөт тойдо "Нурик, родной бактылуу бол" деп айтып, асманды карай тапанча менен ок аткан баланын видеосу тараган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
19.08.2020. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Нуриктин ашына чычкан турбайбы
19.08.2020. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Нурик роднойун тамак ташыйт эми
19.08.2020. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айып бул балада эмес Нурикте болобу Ошондо... Той берген бай
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: