Бишкек шаарындагы "Ош базарынын" аймагында 10 байкоочу камера орнотулду
Пандемия башталганга чейин шаардык кызматтар, райондук акимчиликтер Ош базарынын аймагын көрктөндүрүү боюнча пландарды иштеп чыккан. Ага ылайык, базардын аймагында шаар тургундарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Ленин районунун ички иштер бөлүмү 10 видеобайкоо камераларын орнотту. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаарынын Ленин районунун акими Чынасыл Чыныбаев билдирди.
“Ош базарынын айланасында адамдын бетин таануу функциясы менен 7 камера орнотулду, калган үчөө кадимки камералар. Буга кылмыш иштеринин көпчүлүгү ушул аймакта катталгандыгы себеп болду. Мындан ары дагы базардын айланасында 40ка жакын камера орнотуу пландаштырылууда ", - деп билдирди Ленин районунун акими .
Ошондой эле базардын жанындагы кесилиштерге, жана Чүй кең көчөсүнүн жанындагы аялдамага (Беш-Сары соода борборунун батыш тарабы) кошумча видео көзөмөл камераларын орнотуу мүмкүнчүлүгү каралууда.
