Шайлоо-2020: Парламенттик шайлоого баруудан баш тарткан партиялардын тизмеси
2020-жылдын 4-октябрында өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышууга 44 партиянын тизмеси БШКга берилген. Бүгүнкү күнгө карата алардын ичинен 8 партия шайлоого барбай тургандыгы жөнүндө кабарлама беришкенин Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Алардын тизмеси:
- "Кыргыз Республикасынын Агрардык партиясы" ,
- "Демократ",
- "Кыргызстандын коммунисттер партиясы,
- "Жаратман Эл",
- "Эмгек" (Партия труда),
- "Бирик", "Народно-демократическая партия Кыргызстана",
- "Бийлик элге" («Власть народу»)
- "Кыргызстандын Элдик демократиялык партиясы"
Мындан тышкары бүгүн, 19-августта "Ар Намыс" партиясы дагы шайлоого катышпай турганын, анын лидери Феликс Кулов билдирген.
Маалым болгондой, 8-июлда партиялардан кабарлама кабыл алуу токтотулган. Конституциялык мыйзамдын 60-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө чейин 45 календардык күн калганда, тагыраагы 2020-жылдын 20-августунда аяктайт. Ал эми 4-сентябрдан баштап үгүт иштери башталат.


1 |