super.kg logo

Президенттик шайлоодо Трамптын башкы атаандашы Байден болот

 

АКШнын демократиялык партиясы Жозеф Байденди президентикке талапкер кылып бекитти. Мындай чечим Милуоки шаарында өткөн улуттук жыйында кабыл алынган. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, делегация өкүлдөрү кезек менен Байденге же Вермонттогу сенатор Берни Сандерске добуш бергенин жарыялап турушту. Жыйынтыгында, Байден эң көп 3 миң 550дөн ашуун добушка ээ болду жана Сандерс 1 миң 130дан ашык добуш алган.

Ошентип Байден Демократиялык партиянын атынан расмий түрдө президентикке талапкер катары чыкты.

Эскерте кетсек, Байден буга чейин АКШнын президенттигине 2 жолу (1988-2008-жылдары) ат салышып, бирок ийгиликке жеткен эмес. Ал 2009-2017-жылдары ошол кездеги президент Барак Обаманын администрациясында вице-президенттик кызматты аркалаган.

АКШда президенттик шайлоо ушул жылдын 3-ноябрында өтөт. Ал эми республикалык партиянын талапкери азыркы президент Дональд Трамп болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: