"Күн салкындагандай". 20-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат
Эртең, 20-августта Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +10, күндүз +22;
Талас облусунда түнкүсүн +12, күндүз +22;
Ош облусунда түнкүсүн +17, күндүз +28;
Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +17, күндүз +28;
Баткенде түнкүсүн +16, күндүз +28;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +16, күндүз +19;
Нарын облусунда түнкүсүн +9, күндүз +21;
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы түнкүсүн +16, күндүз +29 градус болот.
