super.kg logo

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кыргыз өлкөсүнө 100 кычкылтек концентраторун берди

 

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кыргыз өлкөсүнө 100 кычкылтек концентраторун берди. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта көрсөтүлгөн жардамдын жалпы суммасы 59 миң долларды түзгөнү айтылат.

"Кычкылтек концентраторлору респиратордук жугуштуу ооруларды дарылоодо чоң мааниге ээ. Алар COVID-19 илдети менен ооруган оор абалдагы бейтаптарды таза, жогорку сапаттагы жана тиешелүү концентрациядагы кычкылтек менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Саламаттыкты сактоо министрлиги кычкылтек концентраторлорун өлкөдөгү ооруканаларга бөлүштүрүүнү пландаштырууда", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кыргыз өлкөсүнө жеке коргонуучу каражаттарды, ПЦР-тест үчүн топтомдорду берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: