Орусияда сутка ичинде коронавирустан 117 бейтап каза болду
Орусиянын 85 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 4 миң 828 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 117 адам каза болсо, 6 миң 795 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:
Москва шаарында - 691 (айыккандар 1242);
Санкт-Петербург шаарында - 162 (айыккандар 86);
Москва облусунда - 151 (айыккандар 135);
Свердлов облусунда - 147 (айыккандар 73) адам жана калгандары башка аймактардан.
Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 937 миң 321 адамдан коронавирус аныкталды. Анын 15 миң 989у каза болсо, 749 миң 423ү айыгып чыкты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.