Бишкектеги обсервацияда иштеп жүрүп каза болгон Адинай Мырзабекованын мүрзөсүнө эстелик орнотулду



Бишкектеги обсервациялардын биринде иштеп жатып каза болгон Адинай Мырзабековага Ысык-Ата районуна караштуу Жетиген айылындагы мүрзөсүнө эстелик орнотулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына маркум Адинайдын атасы Замирбек Жээналиев билдирди.
Жээналиевдин айтымында Адинайдын кыркылыгы 21-августка белгиленген.
Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 5-курстун студенти 13-июль күнү каза болгонун маалымдаган. Ошондой эле мекемеден маркумдун өлүмүнүн себеби эки тараптуу пневмония болгон деген алдын ала маалымат беришкен. Президент Сооронбай Жээнбеков ыктыярчы Адинай Мырзабекованын дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Agayu

19.08.2020. 14:40
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Байкуш Чубак ажыке өтө каршы болчу эле ушундай эстеликке , Каргалар чычат турган жэр эле жасайсыңар деп.Андан көрө бак дарак кылсаңар сообу өтө көп болмок деп көп айтчу. Биз баарын билип бүттүк , бирок эски адаттан эч айрылалбай жатканыбыз өкүндүрөт
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.